Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев менен бейөкмөт уюмдардын өкүлү катары Рита Карасартова “Парламент” радиосунун түз эфиринде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууга алышты. Мадалиев Кыргызстанда иш алып барган жана чет өлкөлүк уюмдар тарабынан каржыланган коомдук уюмдарга карата аларды каттоого алуу, алынган каржы каражаттарынын жумшалуусу тууралуу отчёттуулугу, аларга “чет өлкөлүк агент” макамын берүү талаптары коюлган толуктоо жана өзгөртүүлөргө токтолду.
Карасартова азыркы күндө мындай мыйзам долбоору керек болуп жатканына кошулуп, бирок сунушталган долбоорлор чийки экенин билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда мамлекетке келип жаткан каражаттар боюнча жеке эле бейөкмөт уюмдардын отчёттуулугун карабастан, чет өлкөлөрдөн каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын, диний уюмдардын жана мамлекеттин дагы отчёттуулугун камтуу менен кеңейтүү керек.
Депутат сунушталган мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдарын чектөөгө алган бир дагы норма жоктугун, болгону каражаттар кандай максатта келип, кандай максаттарга жумшалып жатканын гана билип туруу керектигин айтты.