АКШда массалык баш аламандык уланууда. Президент Барак Обама окуяны баштагандар жазалана турганын айтып билдирүү жасады. "Фергюсондогу тополоң жалпы АКШ үчүн көйгөй экени далилденүүдө. Бирок күчкө салуу кечиримсиз калбайт, баш аламандыкты баштагандар жазаланат. Өзүн конструктивдүү алып жүргөн жарандарга менин айтарым: силердин президент силер менен иштешет. Андыктан баш аламандыктарга катышуу аркылуу жеңил жол издебегиле. Оорун тандагыла, бирок мени менен, губернатор, чиновниктер менен кызматташууга алып барчу бул жол кандайдыр бир реалдуу өзгөрүү алып келүүгө жеткирет",- деди Обама. Муну бүгүн, 26-ноябрда чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Эскерте кетсек, Фергюсон жана башка шаарлардагы нааразычылык быйыл август айында, полиция кызматкери Даррен Уилсон кара терилүү Майкл Браун аттуу өспүрүмдү атып өлтүргөндөн кийин башталган. 24-ноябрда жергиликтүү сот аталган полиция кызматкерине айып тагуудан баш тарткандан кийин массалык тополоң күчөдү. Соттон адилет чечимди талап кылышкан америкалыктар демонстрацияга чыгышып, автоунааларды өрттөшүп, талап-тоноого барышты. Массалык баш аламандыкка АКШнын 30дай штатынан тургундар чыкканы, 20дай адам жаракат алганы, 60тай катышуучу камакка алынганы айтылууда.
Аймактагы абалды турукташтырууга Улуттук гвардиянын аскерлери тартылган.