Алмазбек Атамбаев Сауд Арабияга иш сапары менен барат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2-8-декабрь күндөрү Сауд Арабияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар мамлекетине расмий сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда президенттик аппараттан билдирди. 

2-4-декабрда мамлекет башчы Сауд Арабияга, 4-7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына, 7-8-декабрда Катар мамлекетине барат. Президент аталган өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспекттерин жана өз ара кызыкчылык жараткан түрдүү тармактарда кызматташтыктын перспективасын талкуулайт. 

Мамлекет башчынын сапарларынын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан