Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Иш-чара 28-ноябрда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө таандык мыйзамдардагы көйгөйлөр" деген темасында өтөрүн бүгүн, 26-ноябрда парламенттин маалымат кызматы билдирди. Көчмө жыйындын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө таандык мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана талкуулоо экени айтылды.