Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Жумабеков Таласта өндүрүлгөн төө буурчактын “Лопатка” деген сортун менчиктештирүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, Кыргызстан бул сортту тез арада менчиктештирүү аракетин көрүшү керек. “Дүйнө жүзү боюнча бул сорт бир гана Таласта жакшы өндүрүлөт. Ошондуктан өкмөт ушуга көңүл буруп, менчиктештирүү керек. Коңшу мамлекеттер менчиктештирип алса, Кыргызстан эл аралык рынокко төө буурчак чыгаруудан кол жууп калат”,- деди депутат. Өкмөт мүчөлөрү “Биз макулбуз. Сиз айтып жаткан сортту алып келсеңиздер, менчиктештиребиз” дешти.