Бишкекте 27-ноябрда насыяларды эффективдүү пайдалануу боюнча бизнес-форум өтөт. Жыйындын темасы: "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы макулдашууга ылайык бөлүнчү насыя каражатын эффективдүү пайдалануу". Конференциянын максаты - польшалык өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба багытындагы кайра иштетүү ишканалары үчүн керектүү техникалары менен таанышуу жана аларды лизинг аркылуу кыргызстандык дыйкандарга берүүнү уюштуруу. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдиргендей, иш-чарага кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, Польшанын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси жана башкалар катышмакчы.
Айта кетсек, Польша Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында 40 миллион евро көлөмүндө жеңилдетилген насыя берип жатат. Насыя 25 жылдык мөөнөткө 0,15 пайыз үстөгү менен берилмекчи.