Жогорку Кеңеште "Жаштар парламенти" долбоору ишин аяктады

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-ноябрда Жаштар парламентинин жыйынтыктоочу сессиясы өттү. Бир жарым жылга эсептелген бул долбоордун алкагында жалпы 7 сессия өткөрүлүп, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 18-29 жаштагы 40 жаран катышты.

Акыркы сессияда сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко анын катышуучуларынын активдүүлүгүн белгиледи. "Жаштар парламентинде билим берүү жана шайлоо мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жаатында берилген сунуштары абдан маанилүү. Ал сунуштар сөзсүз эске алынат",- деди депутат.

Депутат Роза Акназарова парламенттин кийинки чакырылышына билимдүү, демилгечил, мыйзам долбоорлору менен иштей алган жаштар келиши керектигин билдирип: "Өлкөдөгү башкаруу системинин кандай экенине карабастан, парламент ар дайым болушу керек",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан