Дамира Ниязалиева Ысык-Көлгө заманбап "Артек" курууга болорун айтты

Парламент депутаты Дамира Ниязалиева бүгүн, 26-ноябрда "Кыргызстан-Орусия аба көпүрөсү" экспедициясынын өкүлдөрү менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда депутат Ысык-Көлдөгү туризмди даңазалаганы үчүн экспедициянын катышуучуларына ыраазычылык айтты. "Ысык-Көл инвестициялык ири потенциалга ээ. Мисалы, көлгө заманбап "Артек" курууга бардык шарттар бар. Орусиялык туристтер үчүн экологиялык эс алуу кызыктуу болот",- дейт Ниязалиева. 
Экспедициянын жетекчиси Валентин Ефремов: "Орусиялыктардын көбү Кыргызстандын кооздугу тууралуу билиш үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бул багытта бизде идея көп",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан