Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин башчысынын орун басары алмашты

Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Дилмурод Шамшидинов ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 26-ноябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын башка буйругу менен Бахтияр Салиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан