26-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Масару Хонмуну жана аталган банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лариса Манастырлини кабыл алды.
Жолугушууда өкмөт башчы ЕРӨБ Кыргызстан үчүн өнүктүрүү боюнча маанилүү шериктердин бири болуп саналарын, аны менен кызматташуу алкагында экономика, банк, инфраструктура, өнөр жай, кичи жана орто бизнес, коммуналдык чарба жана башка тармактарды колдоого багытталган биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ЕРӨБ менен кызматташуу келечеги катары аймактык өнүктүрүү, инфраструктураны өнүктүрүү, атаандаштык чөйрөнү кеңейтүү менен кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, мамлекеттик коммуналдык кызматтардын туруктуулугуна көмөк көрсөтүү иштери аныкталган.
Масару Хонма ЕРӨБ жеке тармакты өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетикалык долбоорлорду, инфраструктураны жана коммуналдык кызмат ишин жакшыртуу алкагында көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
ЕРӨБ быйыл ааламдык каатчылык саркындыларын жоюуга көмөктөшүү боюнча иш-чаралар алкагында 67 миллион доллар суммасындагы операцияларды каржылаганын кошумчалады.