Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Этика кодексинин долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Муну 26-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Сунуштарды 2014-жылдын 26-декабрына чейин Мамлекеттик кадр кызматына же k-iliyas-s@mail.ru электрондук дарегине жиберүүгө боло турганы айтылды. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Этика кодексинин долбоору бул жакта (расмий тилде).