Башкы прокуратура 24 абитуриенттин мыйзамсыз окууга кабыл алынганы үчүн билим берүү министри Канат Садыковду иштен алууну өкмөткө сунуштады

Башкы прокуратура 24 абитуриентти мыйзамсыз түрдө университетке кабыл алганы үчүн билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуштады. Муну бүгүн, 27-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка таянсак, иликтөөдө 24 абитуриентти Кыргыз-Орус Славян университетине кабыл алууда билим берүү жана илим министри жана аталган окуу жайдын ректору В.Нифадьев тарабынан мыйзамды орой бузуу болгону аныкталган. Канат Садыковдун кайрылуусу, буйругу менен окуу жайдын жетекчиси 24 абитуриентти университеттин медициналык факультетине кабыл алууга буйрук чыгарганы айтылды. Жеке текшерүүдө аталган 24 абитуриенттин тестирлөөдө төмөн балл алышканы белгилүү болгон. Министр менен ректор упайлары тийиштүү нормага жетпеген абитуриенттерди окуу жайга кабыл алганы үчүн айыпталышууда. Министр менен кошо аталган ректордун да кызматтык жоопкерчилигин кароо сунушу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жиберилгени белгилүү болду. 
Кошумчалай кетсек, бул факт боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев да айыпталууда. Ага кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Депутат аталган абитуриенттерди окууга кабыл алуу боюнча билим берүү жана илим министрине кат жибергени айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан