Кийинки жылы Орусияда күйүүчү майдын баасы кымбаттаса, мунун таасири Кыргызстанга да тиет. Муну депутат Элмира Жумалиева Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында айтты.
“Кыргызстанда доллардын сомго болгон курсунун жогорулашы менен баалар 20 пайызга кымбаттап кетти. Бажы биримдигине кирерибизге бир ай калды. Өкмөттүн маалыматына караганда, сырттан келген товарларга бажы алымдары 60 пайыз кымбаттайт. Андан сырткары батыш мамлекеттери Орусиядагы нефти компанияларына чектөөлөрдү киргизип жатат. Бул Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койбойт. Алдын ала Орусиянын Каржы министрлиги “кийинки жылы Орусияда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт жана ал баа узак убакытка сакталат” деп айтып жатат. Демек, бизде мындан да кымбат болушу мүмкүн”,- деди депутат.