Бүгүн, 27-ноябрда парламент жыйынында депутат Майрамкүл Тиленчиева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине берүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, бул маселе буга чейин да көтөрүлүп, бирок Бишкек мэриясы кайдыгер карап келген. “Талас облусунун эли Чыңгыз Айтматовдун ысымын Бишкектин көчөлөрүнө берүүнү суранып жатат. Буга чейин да кайрылган, анда мэрия “Айтматов каза болгондон кийин беш жылдан кийин беребиз” деп койгон экен. Өкмөттөн ушуга көңүл бурууну суранам”,- деди депутат.