Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда айрым кылмыштарга дене жазасын киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, мындай демилге өлкөдөгү абактар толуп калгандыгына байланыштуу. "Ар дайым мунапыс жолу менен абактагыларды бошотуу болбойт экен. Мен колдорду, манжаларды кесип салуу керек деп айткан жокмун. Сингапурдун тажрыйбасына көңүл бурсак, ал жерде уурдоо, алдамчылык, бейбаштык үчүн дене жазасы каралган. Мисалы, жол эрежесин бузган адамды 5 жолу камчы менен урушат. Биздин адистер, өкмөт жана парламент бул сунушту карап чыгышса туура болот. Эгер демилге ишке ашса, бир топ акча каражатты үнөмдөй алабыз",- деди Бекешев.