Аксыдагы Иринжит каналы жасалма жол менен президент келерде гана ачылып, учурда иштебей турганы айтылды
Аксы районундагы Иринжит каналы жасалма жол менен президент Алмазбек Атамбаев келерде гана ачылып, учурда иштебей турганы бүгүн, 27-ноябрда парламентте айтылды. Депутат Бакыт Төрөбаев каналдын ишин текшерип чыгууну сунуштады. "Аксыга барганда жергиликтүү тургундар айтышты, президент каналдын ачылыш аземине барган учурда каналга сууну жасалма жол менен чыгарып турушуптур. Андан кийин эле каналдын суусу токтогону айтылууда. Билебиз, убагында Аскар Акаев Баткендеги бир каналдын ачылышына барганда водовоздор менен каналдын башынан суу төгүп турушкан. Кийин иштебей токтоп калган. Иринжит каналын да текшерип чыгуу зарыл",- деди Төрөбаев.