Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мамат Орозбаев Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна кеткен жолдо унаа жарыштарынын өтүп жатканына нааразы экенин айтты. Депутат буларга чара көрүүнү өкмөттөн суранды.
"Дем алыш күндөрү түнкүсүн бул жолдо, Чоң Чүй каналынын жанында унаа жарыштары өтөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа жарыштарынан бомба жарылгандагыдан да катуу үндөр чыгат. Уктай албай жатышканын айтышууда. Эгер мунун айынан кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Менин билишимче, жарыш учурунда жол-кайгуул инспекторлору ал жерде иштебейт экен",- деди депутат.