Араванда мектептин ачылышында Өзбекстандын гимни аткарылганы Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Депутат Бөдөш Мамырова Ош облусунун Араван районундагы өзбек мектебинин ачылышында Өзбекстандын гимни ойнолуп, ага катышкан Ош облусунун жетекчисинин орун басары колун көкүрөгүнө коюп укканын парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын билдиришинче, буга өкмөт тезинен чара көрүшү керек.

“Араван районундагы Тепе-Коргон айылындагы өзбек мектебинин ачылыш аземинде Өзбекстандын гимни 1 мүнөт ойнолуп, Ош облусунун губернаторунун орун басары колун көкүрөгүнө коюп угуптур. Бул боюнча видеотасмалар интернетте жайнап кетти. Азыр аны интернетке жайгаштырган адамды суракка чакырып жатыптыр. Губернатордун орун басары андай нерсе болбогонун айтууда. Дагы бир нерсенин үстүнөн чыкканы калдык, буга тезинен чара көрбөсөк болбойт. Дагы бир нерсенин толкуну пайда болуп жатат",- дейт Мамырова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан