Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында Чаткал районуна ГЭС куруу керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, Чаткалдагы дарыянын суусу пайдасыз агып кетип жатат. "Чаткал өрөөнүн жарып өткөн чоң дарыя эч пайдасыз Өзбекстандын аймагына кирип кетүүдө. Эгерде Чаткалда суу сактагыч курулуп, ГЭС орносо, жергиликтүү калк менен кен иштеткен компаниялар электр кубаты менен камсыз болмок, жаңы сугат жерлери өздөштүрүлмөк. Өкмөт бул маселени тезинен колго алышы зарыл",- дейт Төрөбаев.