Өзгөн районундагы "Сары-Таш" карьеринен таш казуу иштери экологиянын нормаларын бузуу менен жасалууда. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Абдимуктар Маматов билдирип, буга өкмөт көңүл бурушу керектигин кошумчалады. "Тийиштүү мамлекеттик органдар өздөрүнүн көзөмөл жүргүзүү функциясын аткарбай жатышат",- дейт депутат.
Маматов аталган карьердеги жардыруулар жайыттарга терс таасирин тийгизип жатканын айтып, аймакта жайыттардын аянты кыскарып кетүү коркунучунда экенин кошумчалады.