Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаардык сотунун алдында "№4-төрөт үйүнөн ымыркайды уурдаган" деп айыпталып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган медайым
Шарапат Мамырканованын энеси ачкачылык жарыялоодо. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына анын туугандары билдиришти.
Белгилүү болгондой, эртең аталган сотто апелляциялык арыз боюнча отурум өтмөкчү. "Ш.Мамырканованын эч кандай күнөөсү жок. Ымыркайды уурдагандар өздөрүн сакташ үчүн эптеп башка бирөөнү каматып коюуга аракет жасашкан. Алардын биринин күйөөсү УКМКда иштейт экен. Атасы өмүр бою абакта начальник болуп иштечү. Балким, күйөөсү "постанова" жасап, күнөөлүү аялын сактап калган чыгар",- дешет айыпталуучунун туугандары.