Орусиядагы кыргызстандык жаран көчөдө жүргөн мекендешибиздин туугандарын табууга жардам суроодо

Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарында турган кыргызстандык жаран көчөдө жүргөн мекендешинин туугандарын таап берүүнү SUPER.KG порталы аркылуу суранды.
"Урматтуу мекендештер, мен сиздерге салам айтуу менен ушул шаарда эч бир документи жок, 11 жылдан бери көчөдө жүргөн Маматов Муса Карабаевичтин туугандарын табууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Ал 13.02.1964-жылы туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт экен. Өзүнүн айтуусу боюнча, апасы Калбү 84 жашта. 2 уулу жана 1 кызы бар экен. Уулдары Данияр - 24 жашта, Орозбек - 22, кызы Аяна болжол менен 15 жашта. Өзү КамАЗ айдачумун дейт. Туугандары табылса, мени менен байланышкыла, телефон номерлерим: +79245552455, +79644017337, +79024522072, +79085983543. Саламым менен Абжамилов Алымбек Жаныбекович. Эли-журтубузга тынччылык тилеймин",- деп жазылат кайрылуу катында. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
edu.kg
2014-11-27 17:53:17
Негизи Россияда ушул абалда жургон мекендештерибиз коп деп айтышат. Эн коп Москва шаарында дешет. АЛЛАдан болуп туугандары табылып мекенине кайтып келсе экен.
+6
nur-patriot
2014-11-27 17:54:28
тезирээк таапса экен
+4
anara-anara
2014-11-27 20:44:10
Москвадагы кочодо тентип калган кыргызстандыктарды да ушинтип туугандарынын колдоруна откоруп беруу керек.Мен аялдамалардан коп кором суйлошуп так маалымат алгым келет. Тилекке каршы алар бизден качып кетишет.Кыштын кунундо кандай кун корушот.Жаш жигиттер коп.Патриоттор кыздарды андыгандан коро селсаяктарга жардам беришсе.
+7
Barika
2014-11-28 12:35:19
Менин кошунамго!
Данияр үйлөндү!
Ороз менин классташым болчу!
Аман-эсен жетип келип алсын эми!
+2
kagan77
2014-11-28 14:26:43
Barika, аман-эсен кантип келет, классташына айт барып алып келсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан