Оштогу аэропортто тумандуу аба ырайынан улам Бишкек-Ош каттамындагы учактар учпай турат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков билдирди.
“Учурда аэропорттун аймагын калың туман каптап турат. Коопсуздук чараларынан улам үч-төрт учак каттамы башка убакытка которулду”,- дейт И.Карыпбеков.
Маалым болгондой, туман тараган маалда каттамдар кайрадан план боюнча ишке кирмекчи.