Бишкекте бүгүн, 28-ноябрда “Манас” аба майданында Орусиядан келген жүргүнчүлөр Ошко кете албай турганына нааразы. Учурда аэропортто Орусиядан келген жүргүнчүлөрдүн телефондору өчүп, кош бойлуу, кичинекей балдары бар жарандар айла таппай турушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Орусиядан келген Чолпон Кадыргулова аттуу жүргүнчү билдирди.
“Биз эртең менен саат 06:00дө Ош аэропортуна барып конмокпуз, бирок Орусиядан келаткан учакты Ошто тумандуу аба ырайына байланыштуу “Манаска” кондуруп койгон. Учакта кичинекей балдар, кош бойлуу аялдар, бир адамдын сөөгү да бар. Бизге эч ким эч нерсе түшүндүргөн жок”,- дейт Ч.Кадыргулова.
Эске салсак, Оштогу аэропортто тумандуу аба ырайынан улам Бишкек-Ош каттамындагы учактар учпай турганы айтылып, кийинчерээк “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков “рейстер ордуна келтирилди, биринчи рейс Ошко учту” деп билдирген болчу.