"11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык Муса Маматов Бурятияда селсаяктар менен тентип жүрүптүр, Кыргызстанга кетейин деген ою жок",- деди бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов.
Анын айтымында, М.Маматов психологиялык жактан жабыркап, ичип жүргөн орустар менен жүрөт. "Бүгүн аны аялы менен сүйлөштүрдүк. Аялынын айтымында, күйөөсүнүн келейин деген ою жок. Сөгүп кирди дейт. Апасын деле сурабаптыр. Бир гана экинчи аялынан төрөлгөн кызын сураган. Экинчи аялы камалып кетип, ымыркай кызын багып жүрчү экен. Ал түрмөдөн чыкканда кызын алып кетиптир. Биринчи аялы операция болуп, ооруканада жатканын, II топтогу майып экенин айтты. Күйөөсүн мекенине чакырса, "кызымды тапмайынча мага чалба" дептир",- деп билдирди Абжамилов.
Мындан тышкары ал М.Маматов жакында токойго жумушка кетип жаткандыгын белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-ноябрда Бурятиядагы кыргызстандык жаран Алымбек Абжамилов мекендешибиздин туугандарын табууга жардам сураган.