Жоомарт Оторбаев коррупция менен күрөштү ойдогудай жүргүзбөсө, катуу чара көрүлөрүн Каржы министрлигине эскертти

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Каржы министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу пландарын ишке ашыруу жана бул багытта жасалган иштердин жыйынтыгын тез-тезден чагылдырууну камсыз кылуу тапшырмасын берди. Мындай милдет жетекчилерге мамлекеттик органдар тарабынан системдүү коррупциянын жоюлушу боюнча 5-декабрда өткөн кеңешмеде жүктөлгөнүн 6-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Аталган органдардын жетекчилерине системдүү коррупция менен күрөшүү пландары өз убагында аткарылышы керектиги эскертилди. Оторбаев эгер план формалдуу гана түрдө аткарылса же пландын пункттары мөөнөтүнөн кечигип аткарылса, жооптуу жетекчилерге дисциплинардык чара көрүлөрүн, кызматтан алуу жазасы колдонуларын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан