Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда жер титирөөдөн жабыркаган мамлекеттик мекемелерге параллелдүү түрдө жардам көрсөтүлөт. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 6-декабрда аталган райондун жер титирөөдөн жапа чеккен тургундары менен жолугушууда билдирди. Өкмөт жетекчиси "Булар бюджеттик мекемелер, биз аларды калыбына келтирүүнү бюджеттик каражаттардын эсебинен да каржылайбыз. Азыр биринчи кезекте турак үйлөрдү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн карашыбыз керек" деди.
Айта кетсек, ноябрь айында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан турак жайларга келтирилген материалдык чыгым 161 миллион 194 440 сомду, социалдык объектилерге келтирилген материалдык чыгым 39 миллион 702 148 сомду түзгөнү айтылган.