Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн 4-даражада жабыр тарткан үйлөрдүн ээлерине 50 миң сомдон компенсация берилет

Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн 4-даражада жабыр тарткан үйлөрдүн ээлерине 50 миң сомдон компенсация берилет. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-декабрда Бөкөнбаев айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. "Жабыркагандарга 200 миң сомдон жеңилдетилген ссудаларды берүү процесси башталды. Ссуда 20 жылдык мөөнөткө берилип жатат. Азыр эң башкысы - жеңилдетилген ссудаларды алууга керектүү документтерди иретке келтирүү. Мындан тышкары үйү 4-даражада жабыркагандарга 50 миң сомдон компенсация берүү жагы каралууда",- деди өкмөт башчы. 

Оторбаев 200 миң сомдук жардамды берүү боюнча жабырлануучулар менен тыгыз иштешүүнү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетовго тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан