Эльвира Сариева: "Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы жогорку деңгээлде белгилениши керек"

Өкмөттө бүгүн, 6-декабрда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Жыйында министрликтин өкүлдөрү жана облус башчылары майрамды белгилөөгө даярдык көрүү пландарынын аткарылышы тууралуу маалымат беришти. Жыйынга жетекчилик кылган вице-премьер-министр Эльвира Сариева бул майрамды татыктуу белгилөө керектигин билдирди.

"Биздин өлкөдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин Москва шаарында өтүүчү салтанаттуу майрамга катышуусун уюштуруудан баштап социалдык колдоо көрсөтүүгө чейин өкмөттүн көргөн чаралары жогорку деңгээлде болушу керек",- деди Сариева. 

Жыйындын аягында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаарында өтүүчү парадды каржылоо жана башка иштер боюнча тийиштүү министрликтер менен мекемелерге тапшырмалар берилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан