Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары 5-декабрда жер титирөөдөн жабыркаган Жети-Өгүз, Тоң райондорунда болушту. Жолугушууларда депутаттар тоголок жетимдер тарбияланып жаткан Кызыл-Суу айылындагы 54 үй-бүлөгө көмүр таркатып беришкенин фракциянын катчылыгы кабарлады. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга майыптык араба жана башка керектүү жабдууларды беришкен. Тосор айылында депутаттар жер титирөөдөн кийин дубалынан жарака кеткен үйлөрдүн, мектептин, Маданият үйүнүн абалын көрүштү. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жабыркаган жарандар менен тыгыз иш жүргүзүлүп, табият кырсыгынын кесепетин жоюуга бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.