Жоомарт Оторбаев: "Өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга зарыл болгон бардык жардамды көрсөтөт"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 6-декабрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Өкмөт башчы жер титирөөдөн жабыркагандарга мыйзамдын алкагында зарыл болгон жардамды ала турганын белгиледи. "Кыргызстандын аймактары гуманитардык жардам көрсөттү. Табият кырсыгынан жабыркагандар үчүн табылган 50 миллион сом токтоосуз таратылып берилет. Өкмөт жабыркагандар үчүн зарыл болгон бардык жардамды көрсөтөт",- деди Оторбаев. 

Өкмөт жетекчиси жергиликтүү тургундардын "Кумтөр", электр энергиясынын тарифтери, таза суу, жолдорду оңдоо боюнча суроолоруна жооп берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан