Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 5-декабрда Москва шаарында "Транспорттук жумалык-2014" аттуу Бажы союзундагы өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин 3-жыйынына байкоочу катары катышты. Муну бүгүн, 6-декабрда аталган министрликтен билдиришти. Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:
- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин 2020-жылга чейинки транспорттук саясаты;
- Транспорт тармагындагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу;
- Темир жол коопсуздугу боюнча сертификаттын талаптары жана тартиби боюнча жалпы сунуштарды иштеп чыгуу жана башка.