Алмазбек Атамбаев дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифада" болду

Президент Алмазбек Атамбаев 7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында Дубайдын Соода-өндүрүш палатасынын төрагасы Абдул Рахман Саиф аль-Гурайр башында турган Абу-Даби жана Дубай шаарларынын Соода-өндүрүш палатасынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууда өлкө жетекчиси Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, өлкө экономикасынын келечектүү тармактары тууралуу маалымат берди. Президенттик аппараттан билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн тоо-кен өндүрүшү, энергетика, айыл чарба, транспорт жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга чакырды. "Биз силерди Кыргызстандан күтөбүз, Бириккен Араб Эмираттарынын инвестициясынан үмүтүбүз чоң",- деди президент.

Абдул Рахман Саиф аль-Гурайр Кыргызстан менен БАЭнин ишкерлер чөйрөсүнүн кызматташтыгын жандантуу керектигин, Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги делегациясынын биринчи иш сапары соода-экономикалык тармакта кыргыз-эмираттар кызматташтыгынын өнүгүшүнө импульс берерин билдирди.

Жолугушуудан кийин Алмазбек Атамбаев дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифада" болгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан