Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухамед бин Рашид аль-Мактум менен жолугушту. Тараптар жакын арада эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн биргелешкен иштерди баштоону макулдашты. Өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуу үчүн БАЭ Кыргызстанга жумушчу топ жөнөтө турганы айтылды. Эки өлкө ортосундагы саясий диалогду да күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Алмазбек Атамбаев Мухамед бин Рашид аль-Мактумду Кыргызстанга расмий иш сапары менен барууга чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 8 документке кол коюлду:
1. Кош салыктан качуу жана киреше жана капитал үчүн салык төлөөдөн качууну жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу;
2. Кыргызстан менен БАЭнин өкмөттөрү ортосундагы инвестицияны кеңейтүү жана коргоо жөнүндө макулдашуу;
3. Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуу;
4. Кыргызстан менен БАЭнин өкмөттөрү ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
5. Кыргызстан менен БАЭнин Ички иштер министрликтеринин ортосундагы коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
6. Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы кылмышкерлерди өткөрүп берүү тууралуу келишим;
7. Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу тууралуу келишим;
8. Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара жардамдашуу тууралуу келишим.