Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде чет мамлекеттин жарандыгын алган кыргыздарга байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатат. Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоору учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болот. Алардын жергиликтүү бийлик органдарында кызматтарды ээлешине да жол ачылмакчы.
“Биздин мурунку жарандарыбыздын кызыкчылыгын колдоп, алардын өз эли менен аралашып кетишине шарт түзүп беришибиз керек. Андан сырткары этникалык кыргыздар, башка мамлекеттен келгендер Кыргызстанга келсе, жөнөкөй жол менен жарандыкты алышы керек. Ал эми депутаттар “коңшу мамлекеттердин жарандары Кыргызстандын жарандыгын алып, жерлерди сатып алуу коркунучу бар” деп жатышат. Ошондуктан өзгөртүү киргизип жатабыз. Анда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытайдан келгендер бул укуктан ажыратылат”,- деди Текебаев.