Депутаттар Ош облусунун тургундарын Ат-Башыда жашатууну сунушташууда

Депутат Мамытбай Салымбеков Ош облусунун тургундарына Ат-Башы районуна барып жашоону сунуштады. Депутат мындай сунушун парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 8-декабрдагы отурумунда айтты. Анын айтымында “Ат-Башынын эли жер иштетүүгө жетише албай жатат. Жалпы жердин 5 гана пайызын иштетишүүдө. Ошон үчүн мен Оштун элине ошол жакка барып, дыйканчылык кылып жашашын сунуштайм”,- деди депутат. 

Жыйында чет өлкөдө жашаган кыргыздардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан