Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-декабрда телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу телерадио кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргызстандын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Телекөрсөтүү жана радио кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосуна терең сүңгүп кирди, коомдук пикирди түзүүдө эффективдүү инструмент катары негизги маалымат булагы болуп кызмат кылууда. Бул мамлекеттин жана коомдун алдында чоң жоопкерчиликти моюнга жүктөйт. Сиздердин негизги миссияңыздар - бийлик менен коомдун ортосундагы диалогду камсыз кылуу, элдин кызыкчылыгы, тынчтык жана туруктуулук үчүн, жалпы адамзаттык маданий жана жан дүйнө баалуулуктарын сактоого кызмат кылуу". Ошондой эле куттуктоодо телерадионун өлкө турмушундагы маанилүү орду тууралуу кенен сөз болот.
Мамлекет башчы тармактын кызматкерлерине бекем ден соолук, бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.