Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитети 8-декабрдагы жыйынында "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Демилгечилердин айтымында, 7-8 органдын базасында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция түзүлгөндөн кийин, анын ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктарын да берүү зарыл. Бул инспекцияга экологиялык жана коопсуздук техникасы жагындагы көзөмөлдөө милдети өткөрүлүп берилген. Буга байланыштуу аталган иш-милдеттердин өткөрүлүп берилишин эске алуу менен Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин беренелери менен бир катар мекемелердеги административдик укук бузуулар жөнүндө иштер кайра каралып, алардын айрымдарын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга өткөрүп берүү жагы сунушталган.
Жыйынтыгында адамдардын саламаттыгын, жаныбарлардын дени-карды соо өсүп-жетилишин, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга жана терс кесепеттердин алдын алууга багытталган мыйзам долбоору 3-окууда комитеттин колдоосуна ээ болду.