Жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке бөлүү сунушталууда. Мындай демилгени депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 8-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жайыттардан мамлекетке канча каражат түшөрү белгисиз.
“Кыргызстанда 9 миллион гектардай жайыт бар. Жайыттардын 30 пайызы деградация болуп жатат. Ошондуктан түшкөн каражатты туура жана эффективдүү жумшоо максатында мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Ага ылайык, жайыттардан алынган каражаттын 3төн бир бөлүгү жергиликтүү бюджетке түшөт жана ким жайытты деградация кылса, жоопкерчиликке тартылат. Башкача айтканда, жайытты пайдаланууга алып, бирок тиги же бул жерди максаттуу пайдаланбай, жерди казып же башка максатта пайдаланса, жоопкерчиликке тартылат. Керек болсо кылмыш ишин козгоого алып барышыбыз керек”,- деди Бакиров.
Мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып жатат.