Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ички иштер органдарынын соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшеришине тыюу салынышы боюнча элге маалымат каражаттары аркылуу кенен түшүндүрмө берүү тапшырмасын берди. Бул милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөнүн бүгүн, 8-декабрда өкмөттөн билдиришти.
Айта кетсек, жакында ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен милиция кызматкерлеринин соодагерлердин, жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшеришине тыюу салынган. Бул экономикалык кылмыштарды иликтөө ИИМдин карамагынан чыгарылганы менен байланыштырылган. Мындан ары милициянын бардык инспекторлору ишкер, соодагерлерден уруксат кагазы, патент, акча каражаты тууралуу дүмүрчөктөрдү сурап, талап кыла алышпайт.
Буга чейин милиция кызматкерлери базарда соода кылгандардын патент жана башка документтерин текшерип келген эле.