"Мегаком" спорт жана сергек жашоо үчүн!

Салтка айлангандай эле, "Мегаком" уюлдук оператору кышкы спортко кызыккандарга жана таза абада эс алууну сүйүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, "Каракол" лыжа базасында мааракелик онунчу кышкы сезондун расмий түрдөгү ачылышына демөөрчү болду. Аталган эс алуу жайы көз уялткан күн нурларына чулганган таза абада эс алууну сүйгөндөрдү кучак жая тосуп алды. Кышкы экстримсиз өз жашоосун элестете албаган эс алуучулар үчүн тоо лыжа сезонунун ачылышы – өзгөчө майрам. "Мегаком" компаниясы таза абаны, спортту, сергек мүнөздөгү жашоону айкалыштырууну көздөгөн мындай иш-чараны чын дили менен колдоп келет.

Салтанаттуу иш-чара слалом-гигант боюнча лыжа тебүүчүлөрдүн жана сноубордчулардын арасында өткөрүлгөн таймаш менен коштолду. Сезонду ачуу аземинин алкагында лыжа тебүүчүлөрдүн жана сноубордчулардын арасында спорттун эки түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке жүздөгөн спортчу катышып, ал эми суроо-жооп таймашы жана эстафеталар эс алуучулардын көңүлүн өзүнө бурду.

Азат Базаркулов, "Мегаком" компаниясынын башкы директору:

"Мегаком" компаниясы беш жылдан бери Караколдогу лыжа тебүү базасында кышкы сезонду ачууга көмөктөшүп, демөөрчү болуп келет. Мына бүгүн да жакшы маанайда ачылыш аземи болуп, алдынкы спортчулар биздин байгелер менен сыйланышты. Мындан тышкары Чүй облусундагы “Орловка”, “Чуңкурчак”, “ЗиЛ” лыжа тебүү базаларында дени сак жашоого умтулган эс алуучулардын көңүлүн көтөргөн иш-чараларды өткөрүп келебиз".

Таза абада жаңырган уккулуктуу музыканын коштоосундагы мындай сынактарга катышып жаткан спортчулардын жаш курагына, мыкты же тажрыйбасыз экендигине чектөө коюлбастан, каалагандар катышып жатышты. Мелдеш соңунда жеңүүчүлөрдүн ысымдары аныкталды. Лыжа тебүү боюнча мырзалар арасында 1-орунду Олег Трубенко, айымдар арасында Эльвира Халиулина ээлеп, сноуборд боюнча Алексей Репин жана Алина Харитонова мыктылардын катарын толукташты. Мыкты спортчулар "Мегаком" компаниясынын директору Азат Базаркуловдун өз колунан атайын байгелерди: шлем, лыжа жана сноуборд салынуучу атайын каптарды, бут кийимдерди, баш кийимдерди, мээлейлер үчүн баштыкчаларды жана фирмалык азем белектерди алышты.

Олег Трубенко, мелдештин жеңүүчүсү:

"Мегакомдун" байланышы мыкты болгондуктан, мен анын абонентимин. Бул жерде бизге чоң майрам уюштурганына кубанып турам. Мелдешке катышкандарга жагымдуу маанай жана позитив тартуулагандан тышкары бизди "Мегаком" көптөгөн белектер менен сыйлады. “Каракол” лыжа тебүү базасына жана "Мегакомго" терең ыраазычылык билдирем!”

Тоо коюнунда өткөн спорттук мелдештерден ырахат алууну каалагандар Кыргызстандан эле эмес, коңшу Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн да келишкен. Улуттук байланыш оператору беш жыл катары менен Борбордук Азияда эң мыкты деп саналган лыжа тебүү базасындагы кышкы сезондун ачылышына колдоо көрсөтүп жана бул жерге эс алганы келген чет элдик коноктор, "Мегакомдун" бардык абоненттери ар дайым сапаттуу уюлдук байланыш жана ыкчам интернет менен камсыз болуп туруусуна дайым көңүл буруп келет.

Лыжа тебүү базасындагы бул жолку кышкы сезондун ачылышы эки күнгө созулуп, чоңдор жана балдар үчүн уюштурулган эстафеталар, викториналар, түрдүү оюндар, сынактар менен коштолуп, белектерге чулганган ажайып программа менен жыйынтыкталды.

Ачылыш азем тууралуу толук фотобаян менен Facebook социалдык тармагындагы компаниянын атайын баракчасынан таанышууга болот.

"Мегаком" спорт жана сергек жашоо үчүн!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
M89
2014-12-08 13:22:41
Мен да тоого чгып муз тепким келип кетти. Барып келеличи достооор)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан