Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 8-декабрдагы жыйынында Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосундагы соода-экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.
Макулдашуу соода-экономикалык жана техникалык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, байланыш, транспорт, курулуш, эмгек жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты карайт.
Аталган макулдашууга ушул жылдын 3-июлунда Доха шаарында эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кол коюлган.