Ички иштер органдарынын баштапкы курамына кызматкерлерди алуу сынак аркылуу жүргүзүлөт

Ички иштер органдарынын баштапкы курамына кызматкерлерди алуу сынак аркылуу жүргүзүлөт. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 8-декабрда өкмөттөн билдиришти. Токтом ички иштер органдарын реформалоо жана укук коргоо кызматкерлерине элдин ишенимин күчөтүү, ички иштер органдарына кызматка алуу процессинин ачык болушу үчүн кабыл алынганы айтылды. Документке ылайык, Кыргызстандын ички иштер органдарынын кичи, орто жана баштапкы курамына кызматкерди алуу боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби аныкталды.
"Ички иштер органдарынын жетекчилерин сынак аркылуу кызматка алуу өлкөдө биринчи жолу киргизилүүдө. Бул маанилүү реформа укук коргоо кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн көтөрөт жана калктын тармакка болгон ишенимин кайтарат. Мындай кадам жарандык коомдун көптөгөн сунуш-пикирлеринен кийин жасалды жана учур талабына жооп берет",- деди Жоомарт Оторбаев.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан