Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Катардагы элчилигин ачуу тууралуу жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Катардагы элчилигин ачуу тууралуу жарлыкка кол койду. Элчилик Кыргызстан менен Катар мамлекетинин саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланышын мындан ары өнүктүрүү максатында ачылары айтылды. Элчиликтин имараты Доха шаарында жайгашат.
Өкмөткө:
 - республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин бир айдын ичинде чечүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан