Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 8-декабрда “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранттык макулдашуусунун долбоорун 1-окууда карады. Макулдашуунун максаты - Бишкектеги катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасына көмөктөшүү.
Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 23,4 миллион еврону түзөт.
Депутаттар жыйынга Бишкек мэриясынын өкүлдөрү келбегени үчүн макулдашууну кароону кийинкиге жылдырышты. Депутат Эркингүл Иманкожоева буга чейин да парламент тарабынан бир нече макулдашуу жактырылып, мэрия аны ишке ашырууга аракет кылбаганын айтты.
“Биз шаар тургундары үчүн деп комитеттен, палатадан бир нече макулдашууларды карап, кабыл алып бергенбиз. Акчалар кайда кеткени да белгисиз. Ошондуктан мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте карап, чечим кабыл алалы”,- деди депутат.