Жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке бөлүү боюнча демилгенин концепциясы жактырылды

Бүгүн, 8-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке бөлүү боюнча демилге 1-окууда каралып, концепциясы жактырылды. 

Демилгечилердин айтымында, республика аймагында 9 миллион гектардан ашуун жайыт бар. 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан тартып жайыттан түшкөн каражаттарга көңүл бурулуп, жайытка болгон мамиле өзгөргөн. Бирок аракеттеги мыйзам дагы да толуктоого муктаж. Сунушталган мыйзам жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке түшүрүүнү максат кылат. Аракеттеги мыйзамдарда жергиликтүү бюджетке түшүүсү белгиленгени менен, анын өлчөмү каралган эмес. Мындан сырткары жайыттар деградацияга учураса, ага тиешелүү жактардын жоопкерчилиги каралууда.

Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов жалпы эле жайыттарга көңүл бура турган мезгил келгенин айтып, коомдук угууларды уюштуруу менен көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тактоону сунуш кылды.

Ал эми мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу боюнча чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан