Өткөн аптанын соңунда кыргызстандыктардын "Ордо" коомдук бирикмеси КРнын Германиядагы элчилиги менен биргеликте Бавариянын борбору Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын күнүн белгилешти. Бул тууралуу 8-декабрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Германия, Швейцария, Чехияда жашаган кыргызстандыктардын, Мюнхен шаарынын тургундарынын катышуусунда өттү. Саамалыкта Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, туристтик жааттагы артыкчылыктары, ошондой эле өлкөнүн тарыхы, кыргыздын улуттук буюмдары, ашканасы иш-чарага келген конокторго көрсөтүлдү. "Манас" эпосунун үзүндүсү айтылып, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Бул күндүн негизги максаттарынын бири залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү болуп, анын калемине таандык чыгармалардын бурчу түзүлдү.