Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 8-декабрда Кытайдын Цинхай провинциясындагы Синин шаарынын мэри Ван Юбу менен жолугушуп, инвестиция, курулуш, айыл чарба жана туризм боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Сарпашев кытайлык делегацияга Ош шаарына көп кабаттуу үйлөрдү куруу, аймактарга кайра иштетүү ишканаларын куруу жаатындагы долбоорлорду инвестициялоо жагын карап көрүүнү сунуштаганын өкмөттөн билдиришти.
"Өкмөт сиздердин инвестициялык иш баштооңуздарды колдоого алат жана бизнес үчүн жагымдуу шарт түзүп берүүгө даяр",- дейт Сарпашев.
Ван Юбу Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин айтат.
"Туризм жана айыл чарба тармагындагы бир катар долбоорлор изилденүүдө. Биздин Кыргызстанга келишибиздин максаты - экономиканын кайсы тармагына инвестиция салууга болорун иш жүзүндө көрүп кетүү. Ош шаарына иш сапары менен барабыз, анда конкреттүү долбоорлор боюнча кызматташуу үчүн протоколго кол коюу пландалууда",- деди мэр.