Бүгүн, 8-декабрда өкмөттө Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо ишине байланышкан жыйын өтүүдө. Анда малды паспорттоштуруу маселеси талкууланып жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана парламент депутаттары катышууда. Маалым болгондой, республикада малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумун киргизүүгө Польша өкмөтү тарабынан бөлүнчү 40 миллион евро жеңилдетилген насыянын 16 миллион евросун багыттоо пландаштырылууда. Малды паспорттоштуруу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын ишке ашыруу процессиндеги өкмөт программасынын стратегиялык багыттары болуп эсептелет.