9-декабрда парламент комитеттери "Кумтөр" маселесин талкуулашат

Эртең, 9-декабрда парламенттин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттери “Кумтөр” маселеси боюнча жыйын өткөрөт.

Анда Жогорку Кеңештин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы, 5-июнундагы, 23-октябрындагы токтомдорунун өкмөт тарабынан аткарылышы талкууланат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин ушул жылдын 6-февралындагы токтомунун аткарылышынын жүрүшү боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин маалыматы угулат. Ал эми парламент "Кумтөр" маселесине 2015-жылдын январь жана февраль айларында чекит коймокчу. 

Айта кетсек, ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш "Кумтөрдө" үлүштү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимдин долбоорун колдоого алган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан